Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда
Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды.
Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз билим алууда.Тараптар кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашты. Анын алкагында мындай балдарды жыл сайын окутуу, гранттык орундарды берүү жана билим алуу процессинде колдоо көрсөтүү каралды.
Эмгек министрлиги турмуштук оор кырдаалга туш болгон жаштарды социалдык адаптациялоо жана ишке орноштурууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн маанилүү экенин белгиледи.