Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду
Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7 млрд сомду түзүп, 68,5%га көбөйдү. Инвестициялардын 85%ы пайдалуу кендерди казууга, иштетүү өндүрүшүнө, транспортко, энергетикага, билим берүү объекттерине жана турак жай курулушуна багытталды.
Аткарылган жумуштардын тизмеси:
· “Менин үйүм” программасынын алкагында 3 217 батирдин курулушу аяктады;
· 33 мектеп, 3 оорукана, 17 амбулаториялык-бейтапкана жана 37 бала бакча курулду;
· Энергетика тармагында бир катар чакан ГЭСтер жана энергетикалык объекттер пайдаланууга берилди;
· Балыкчы–Кочкор темир жолунун 63 чакырымдык участогунун курулушунун биринчи этабы башталды;
· Өндүрүш, логистика жана туристтик инфраструктура багыттарында жаңы объекттер ишке киргизилди.
2026-жылдын октябрь айынын башына карата жалпы узундугу 1 668 чакырым унаа жолго асфальт төшөө иштери аяктады.