Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелерин бузган 11 учур катталды

Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелерин бузган 11 учур катталды

Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелерин бузган 11 факт аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир апталык рейд Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балыкты өндүрүштүк кармоого чектөө киргизүү жана экологиясын сактоо боюнча чараларды күчөтүү жарлыгы боюнча өткөрүлдү.

Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы балык уулоо эрежелерин бузган жарандарды аныктап, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Мыйзам бузгандарга административдик чара көрүлдү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча көзөмөл жана рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди