Быйылкы жылдын июнь айына карата Кыргызстанга 3,5 млн адам келди
2026-жылдын апрель айында чек арадан 3 миллиондон ашык адам өтсө, июнда бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул аралыкта чет элдик жарандардын саны 1,58 миллиондон 1,83 миллион адамга чейин көбөйгөн. Жарандардын жана транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн Чек ара кызматы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, сезондук жүктөмдүн өсүшүн эске алуу менен кошумча чараларды көрүүдө.
17-июлга карата бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Кыргызстан тарапта жүргүнчүлөрдүн тыгыны катталган жок.