130 жогорку класстын окуучусу Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебин бүтүрүштү

130 жогорку класстын окуучусу Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебин бүтүрүштү

Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебинде окуу жылы жыйынтыкталды. Бишкек, Каракол жана Кербенден келген 130 өспүрүм программалоонун негиздери боюнча акысыз курстан өтүштү. Алар алган билим эми IT-инженерия жана илимий багытта андан ары окуусу үчүн негиз боло алат.

Жыл бою 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр программалоонун негизги тилдеринин бири болгон Pythonду, ошондой эле алгоритмдерди, иштеп чыгуу инструменттерин үйрөнүштү. Практикалык сабактарда окуучулар реалдуу тапшырманы чечүү үчүн программаларды жазганды өздөштүрүштү. Сабактар жумасына эки сааттан эки жолу өткөрүлүп турду.

2025-жылы программага 1300дөн ашык арыз берилген. Мындай жогорку суроо-талаптан улам, орундардын саны эки эсе көбөйгөн. Мындан тышкары, бул программа Бишкекте гана эмес, башка аймактын окуучуларына да жеткиликтүү болушу үчүн онлайн-окутуу ишке киргизилген.

Программалоо мектебинде - иштеп чыгуучулар, ЖОЖ окутуучулары, мектеп мугалимдери жана техникалык тармактагы алдын ала тандалган жогорку класстын окуучулары сабак өтүшөт. Программа №75 орто мектеп-лицейде, №62 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясында, №53 орто мектепте жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде ишке ашырылат.

Сентябрь айында Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебине жаңы окуу жылына карата окуучуларды кабыл алуу башталат. Тандоонун башталышы тууралуу маалымат долбоордун сайтында жарыяланат: https://codingschool.yandex.com/. Ага тапшыруу үчүн окуучулар тесттен жана маектешүүдөн өтүшү шарт.

Программалоо ар кандай кесиптик тармактагы тапшырмаларды чечүү үчүн: тиркемелерди түзүүдөн, жасалма интеллект системасы жана мобилдик оюндарды иштеп чыгуудан баштап, процесстерди автоматташтыруу жана физикалык процесстерди моделдөө сыяктуу илимий жана инженердик маселелерди чечүүгө чейин мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media
Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media