Wildberries маселесинен кийин тигүүчүлөргө 5 айлык салык каникулу берилди

Wildberries маселесинен кийин тигүүчүлөргө 5 айлык салык каникулу берилди

Россиядагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына жасалган учкучсуз учактардын чабуулдарынан кийин Кыргызстандын тигүү тармагында жаралган кыйынчылыктарга байланыштуу жергиликтүү тигүүчүлөргө 5 айлык салык каникулу берилди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы 18-июлдагы окуядан кийин WhatsApp аркылуу атайын топ түзүп, ага өлкө боюнча миңден ашуун тигүүчүнү бириктирген. Андан соң ишкерлердин көйгөйлөрүн эске алуу өтүнүчү менен Мамлекеттик салык кызматына кайрылуу жөнөтүлгөн.

3-августта 70тен ашуун тигүүчү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков менен жолугушуп, анын жыйынтыгында тигүү тармагына 5 айга чейин салык каникулун берүү чечими кабыл алынганы маалым болду.

Бул тууралуу Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Диля Дүйшөбаева социалдык тармактагы баракчасында билдирип, ишкерлердин өтүнүчүнө көңүл буруп, колдоо көрсөткөнү үчүн Мамлекеттик салык кызматына ыраазычылык жарыялады.

Дүйшөбаеванын айтымында, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы 18-июлдагы Россиядагы  Wildberriesтин кампасына алгачкы жолу дрон чалгыны жасалганда эле ватсаптан группа ачып, 1000ден ашуун жергиликтүү тигүүчүлөрдүн башын бириктиришкен. Алар Салык кызматына ишкерлердин суроосу боюнча кайрылуу жолдоп, салык кызматынын салык төлөмдөрүнө карата каникул беришин өтүнүшкөн.

Эске салсак, июль айынан бери Россиядагы Wildberries маркетплейсинин логистикалык борборлору учкучсуз учактардын чабуулуна бир нече жолу кабылды. Forbes Russia маалыматына ылайык, июль айында компаниянын кампаларынын кеминде 17%ы убактылуу иштен чыгып, сатуучулардын чыгымы болжол менен 280 млрд рублга жеткен. Чабуулдардын кесепетинен кеминде сегиз адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алган. Бул окуялар Wildberries аркылуу товар саткан миңдеген ишкерлерге, анын ичинде кыргызстандык тигүүчүлөргө да таасирин тийгизген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган учурлар 38,3%га кыскарды

Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган учурлар 38,3%га кыскарды

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузуу боюнча 723 факт аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 1 миң 172 мыйзам бузуу катталган. Натыйжада мыйзам бузуу фактыларынын саны 449 учурга, же 38,3%га кыскарган. Ошондой эле иш

Жумгалдагы курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды

Жумгалдагы курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Көзөмөл иш-чараларынын алкагында Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында курулуп жаткан суткалык жөнгө салуу бассейнинин (БСР) курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө

Юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салган жаңы мыйзам кабыл алынды

Юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салган жаңы мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров юридикалык өкүлчүлүк маселелерине байланыштуу мыйзамга кол койду. Документ юридикалык өкүлдөрдүн ишмердүүлүгүн бирдиктүү тартипке келтирип, жарандар менен юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү укуктук жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Жаңы мыйзамга ылайык, юридикалык өкүлдөрдүн расмий реестри түзүлүп, алардын билимине, квалификациясына жана кесиптик даярдыгына бирдиктүү талаптар киргизилет.  Ошондой эле юридикалык өкүлдүн макамын алуу,

Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун күнүмдүк каттамдарда коомдук транспортту пайдаланууга чакырат. Бүгүнкү күндө коомдук транспорт жеке автоунаага караганда үнөмдүү жана ыңгайлуу альтернатива болуп саналат. Ал күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотууга кеткен чыгымдарды азайтып, шаар ичиндеги жүрүүнү жеңилдетет. Акыркы жылдары борбор калаада муниципалдык автобустардын паркы жаңыланып,