Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган учурлар 38,3%га кыскарды
2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузуу боюнча 723 факт аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 1 миң 172 мыйзам бузуу катталган. Натыйжада мыйзам бузуу фактыларынын саны 449 учурга, же 38,3%га кыскарган.
Ошондой эле иш берүүчүлөргө берилген аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдүн саны 469дан 198ге чейин азайып, 57,8%га төмөндөгөн.