Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун күнүмдүк каттамдарда коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.

Бүгүнкү күндө коомдук транспорт жеке автоунаага караганда үнөмдүү жана ыңгайлуу альтернатива болуп саналат. Ал күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотууга кеткен чыгымдарды азайтып, шаар ичиндеги жүрүүнү жеңилдетет.

Акыркы жылдары борбор калаада муниципалдык автобустардын паркы жаңыланып, жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ошондой эле транспорт тармагын санариптештирүүнүн алкагында жол кирени банк картасы, QR-код, "Тулпар" транспорттук картасы жана башка накталай эмес төлөм ыкмалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү кеңейтилди.

Экологиялык жактан таза күйүүчү май менен жүргөн муниципалдык автобустар атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтууга жана борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга салым кошууда.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында коомдук транспорт үчүн атайын бөлүнгөн тилкелерди өнүктүрүү иштери улантылып жатат. Мындан тышкары, 60 мүнөттүн ичинде акысыз кайра отуруп жүрүү мүмкүнчүлүгү каралып, жүргүнчүлөргө кошумча төлөмсүз бир нече каттамды пайдаланууга шарт түзүлгөн.

Мэрия белгилегендей, коомдук транспортту тандоо жол тыгындарын азайтууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана шаардагы транспорттук жүктү төмөндөтүүгө жардам берет.

"Коомдук транспортту тандаңыз — каражатыңызды үнөмдөңүз, экологияны коргоого жана Бишкекти ыңгайлуу шаарга айлантууга өз салымыңызды кошуңуз!", -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media