Жээнбек Кулубаев АКШнын өкүлү менен санкция жана виза маселелерин талкуулады

Жээнбек Кулубаев АКШнын өкүлү менен санкция жана виза маселелерин талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурду кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилелеринин учурдагы абалын жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле санкция маселелери, визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөрүн киргизүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Америкалык тарап эл аралык жана аймактык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын тартибин талкуулашты. Ошондой эле саясий диалогду улантып, кыргыз-америка мамилелерин мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин ырасташты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тротуарды бузган курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди

Бишкекте тротуарды бузган курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинде жөө адамдар өтүүчү тротуардын бузулушу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө жер казуу иштеринен улам тротуар бузулуп, айрым жерлеринде жаракалар пайда болгону аныкталды. Ошондой эле көрктөндүрүү, коопсуздук жана курулуш талаптары сакталган эмес. Мындан

Алайда дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин кимдер экени такталды

Алайда дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин кимдер экени такталды

Алай районундагы Корумду чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан үч альпинисттин аты-жөнү белгилүү болду. Алар тууралуу издөө иштерине каражат чогултуу үчүн ачылган сайтта жарыяланган. Маалыматка ылайык, альпинисттер 1-августта толук курамда Корумду чокусуна чыгып, акыркы жолу 2-августта байланышышкан. Ал эми 4-августта аларды күтүп турган унаага келишкен эмес. Дайынсыз

Бишкек мэриясы туристтик багыттар боюнча атайын сунуштарды жарыялады

Бишкек мэриясы туристтик багыттар боюнча атайын сунуштарды жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн туристтик сунуштар тууралуу маалымат берүүнү улантууда. Атайын сунуштар 2026-жылдын 25-августунан 10-сентябрына чейин жеткиликтүү болот. Маалыматка ылайык, KyrgyzWorldtrip туристтик компаниясы Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү бир катар туристтик багыттарга арзандатууларды сунуштоодо. Чет өлкөлүк багыттардын арасында Алматы, Ташкент, Самарканд жана Бухара

Канттагы жол жаңы ресайклинг технологиясы менен оңдолууда

Канттагы жол жаңы ресайклинг технологиясы менен оңдолууда

Кант АБЗ автомобиль жолун асфальттоо иштеринде Кыргызстанда биринчи жолу ресайклинг технологиясы колдонулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы технологиянын негизинде жолдун эски асфальт катмары атайын техниканын жардамы менен ошол жерде кайра иштетилет. Ага шагыл жана башка керектүү материалдар кошулуп, жаңы асфальт төшөөгө жолдун негизи