Канттагы жол жаңы ресайклинг технологиясы менен оңдолууда

Канттагы жол жаңы ресайклинг технологиясы менен оңдолууда

Кант АБЗ автомобиль жолун асфальттоо иштеринде Кыргызстанда биринчи жолу ресайклинг технологиясы колдонулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы технологиянын негизинде жолдун эски асфальт катмары атайын техниканын жардамы менен ошол жерде кайра иштетилет. Ага шагыл жана башка керектүү материалдар кошулуп, жаңы асфальт төшөөгө жолдун негизи даярдалат. Андан соң анын үстүнө жаңы асфальт катмары төшөлөт.

Ресайклинг технологиясынын артыкчылыктарынын бири — эски жол материалдарын кайра пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү. Мунун натыйжасында курулушка кеткен чыгымдар азайып, жаратылыш ресурстары үнөмдөлөт.

Ошондой эле аталган ыкма курулуш мөөнөтүн кыскартып, автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана оңдоо иштерин тездетүүгө шарт түзөт.

Маалыматка ылайык, ресайклинг технологиясы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жол куруу жана оңдоо иштеринде көп жылдан бери колдонулуп келет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?