Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторунун бирине мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 220 миң сом айып пул салды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн салынган. Тактап айтканда, төлөм уюму төмөнкү талаптарды аткарбаганы аныкталган:

  • Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү талаптарын аткарбаган;
  • кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарда каралган ички көзөмөл системасын уюштуруу талаптарын аткарган эмес.

Улуттук банктын маалыматында айып пул салынган төлөм уюмдун аталышы көрсөтүлгөн эмес. Белгилей кетсек, Улуттук банктын Төлөм системаларынын операторлорунун лицензияларынын реестрине ылайык, учурда Кыргызстанда 55 төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору катталган. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.


Төлөм уюмдары - товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана эсептешүү кызматтарын көрсөтсө, төлөм системасынын операторлору - төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана катышуучуларга жеткирүү функцияларын аткарат.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media