Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого умтулуу ар бир аялга мүнөздүү экенин белгиледи.

Айгүл Жапарова аялдардын коомдук жана саясий турмушка катышуусун кеңейтүү маселесине да көңүл бурду. Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын кеминде 30 пайызы аялдар үчүн каралганын эске салды.

Сөзүнүн бир бөлүгү үй-бүлөлүк жашоо менен жеке өзүн-өзү ишке ашырууну айкалыштыруу маселесине арналды. Үй-бүлөгө кам көрүү менен аялдын билим алууга, кесиптик жактан өсүүгө жана өнүгүүгө болгон укугун бири-бирине карама-каршы коюуга болбойт. Биринчи айым үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө жана анын айланасындагы коомдук үн катпоого өзгөчө көңүл бурду. Кайдыгер болбоого, зомбулуктан жабыркаган ар бир аялдын жана кыздын үнүн угууга, аларга өз убагында укуктук, психологиялык жана жардам көрсөтүүгө, ошондой эле мүмкүн болуучу кайгылуу кесепеттердин алдын алуу үчүн мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Заманбап маалыматтык чөйрө темасына токтолуп, ал өсүп келе жаткан муунду интернеттеги зыяндуу контенттен коргоо зарылдыгына да көңүл бурду. Тактап айтканда, Кыргызстанда кабыл алынган Санариптик кодекс балдардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча өзгөчө талаптарды карай турганы белгиленди. Ошону менен бирге биринчи айым ата-энелерди жана коомчулукту балдар менен ишенимдүү байланышты сактоого жана алардын санариптик мейкиндигин көзөмөлдөөгө чакырды.

Сөзүнүн соңунда Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тарыхый жана маданий тамырларынын жалпылыгын, ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарга карата бирдиктүү мамилесин баса белгиледи. Ал тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелер үй-бүлө институтун чыңдоого жана келечек муундардын бакубаттуулугун камсыз кылууга негиз болот деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media