ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети 6-октябрда жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан кабыл алынды.

Юстиция министрлигинин орун басары Кубан Казаков билдиргендей айрым мыйзам чыгаруу актыларындагы оңдоолор жашы жете электерди чет өлкөлөргө чыгарууну жеңилдетүүгө багытталган.

Анын ичинде баланы чет элге дарылатуу, мектеп олимпиадаларына, спорттук иш-чараларга ата-эненин биринин уруксатынын нотариалдык ырастамасыз убактылуу чыгаруу сунушталууда.

Бул үчүн баланы коштоп барып келүүчү ата-эненин биринин макулдук нотариалдык күбөлүгү, Кыргызстанга белгиленген мөөңөттө алып келүү керектелет.

Мындай шарт ата-эненин экөөсү тең Кыргызстандын атуулу болгон учурда иштейт. Сапардын максаты саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият же спорт жааттагы мамлекеттик органдардын документтери менен бекитилиши кажет.

Мыйзам долбоор баланы Кыргызстандын чегинен тышкары чыгуу мөөңөтү бүткөндө атайлап кармоо жаатын да камтыйт. Мындай аракет үчүн 100 000 сом айып салуу же 3 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media
Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда фермерлерден чийки сүттү сатып алуунун орточо баасы аймактарга жараша 32–50 сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди. ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында депутаттар сүттүн сатып алуу баасын жөнгө

Ишкер Media
Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотини бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс)

Ишкер Media