Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды
Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү.
Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды. Ошондой эле жол белгилери түшүрүлүп, жол жээктериндеги бордюрлар алмаштырылды.
Билдирүүгө караганда, буга чейин Чүй проспектисинин 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө “Бишкекжылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.
“Бул тилке 1989-жылы пайдаланууга берилип, нормативдик кызмат өтөө мөөнөтү 25 жыл болгонуна карабастан, 37 жыл бою эксплуатацияланган. Ушуга байланыштуу жылуулук тармагын жаңылоо зарылдыгы келип чыккан” – деп белгиленген билдирүүдө.


