Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотини бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс) 2 миң 497 даана продукция табылып, тартылып алынган.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Өлкө аймагында чегилбей турган тамеки заттарын жана курамында никотин бар чегилбей турган заттарды өндүрүүгө, Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жана жүгүртүүгө, анын ичинде сактоого, дүң жана чекене сатууга, ошондой эле өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media
Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда фермерлерден чийки сүттү сатып алуунун орточо баасы аймактарга жараша 32–50 сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди. ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында депутаттар сүттүн сатып алуу баасын жөнгө

Ишкер Media