Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом
Кыргызстанда фермерлерден чийки сүттү сатып алуунун орточо баасы аймактарга жараша 32–50 сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.
ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында депутаттар сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жана ата мекендик сүт өндүрүүчүлөрдү колдоо маселелерин талкуулашты.
Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы фермер Марс Ботиковдун айтымында, азыр сүт сатуудан мал чарбачылыгы менен алектенгендер пайда көрбөй эле, чыгымга учурап жаткан кез.

"Сүттүн баасы арзан болсо да, келечекте мээнетибиз акталаар, деп - үмүтүбүздү үзө элекпиз. Азыр сүттү - 35 сомдон өткөрүп жатабыз. Салыштыра келсек, жарым литр суунунун баасы да - 35 сомго бааланып жатпайбы. Ошого карабай жем-чөбүн берип, силос камдап, малдын башын сактап калууга аракет кылып жатабыз. Мисалы, бир уй бир күндө орточо 6 килограмм жем жейт. Булар талаага чыкпайт, дайыма колду карайт. Жем бербесек, сүт бербейт, этинен да ажырайт" - дейт Марс Ботиков.
ЖКтин депутаты Уланбек Жаанбаевдин билдирүүсү боюнча, Кыргызстандагы сүт азыктары рыногунда импорттун үлүшү 64 % жетет. Андыктан Марс Ботиковго окшогон жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков сүттүн жыл мезгилине карабастан бирдиктүү сатып алуу баасын белгилөө маселесин көтөрүпдү. Анын айтымында, жаз-жай айларында сүттүн көлөмү көбөйгөндө кайра иштетүүчү ишканалар сатып алуу баасын төмөндөтүп жатышат.
Ошондой эле депутаттар сүт тармагын субсидиялоо, кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү, асыл тукум малдын санын арттыруу жана жергиликтүү өндүрүштүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү сунуштарын айтышты.
Жыйында сүт азыктарын ЕАЭБ рыногуна чыгарууда продукциянын сапаты жана техникалык талаптарга шайкештиги да талкууланды. Суу ресурстары министрлигинин өкүлү учурда Кыргызстандын сүт продукциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна тоскоолдуксуз чыгып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, депутаттар жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн кайра иштетүүчү ишканалар менен социалдык объектилердин ортосунда түз келишим түзүү, аймактарда сүттү кайра иштетүүчү заводдорду ачууга инвестор тартуу сыяктуу сунуштарды беришти.