26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

2026–2027-окуу жылына өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында 26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Билдирүүгө караганада, алардын ичинен 14 стипендиат быйыл окуусун баштайт, дагы 12 жаран экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат. Стипендия ээлери дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка артыкчылыктуу багыттар боюнча билим алышат.

Быйыл окуусун баштаган стипендиаттардын арасында Чикаго, Гарвард, Оксфорд, Колумбия, Калифорния университеттери, Лондон экономика жана саясий илимдер мектеби, Лондон университеттик колледжи, Сидней технологиялык университети жана башка жогорку окуу жайларга өткөндөр бар.

Алар энергетика жана климаттык саясат, компьютердик илимдер, маалыматтар илими, бизнес-аналитика, финансы, эл аралык укук, билим берүүдө жасалма интеллект, мамлекеттик саясат, нейропсихология, эл аралык мамилелер жана айлана-чөйрө сыяктуу багыттарда магистратура жана PhD программаларында билим алышат.

Экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алып жаткан стипендиаттардын арасында Стэнфорд, Кембридж, Чикаго, Копенгаген, Сидней технологиялык университеттери, UCLA жана башка алдыңкы окуу жайлардын студенттери бар.

"Эл үмүтү" стипендиясы магистратура жана PhD деңгээлинде билим алуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жана QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринде алдыңкы 100гө кирген билим берүү программаларына берилет. Стипендиаттардын окуусун каржылоо Президенттик фонддун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына - 30–40 сом экени белгилүү болгон. Ал эми Бишкек шаарында картошка төмөнкүдөй бааланууда: * “Аламүдүн” базары

Ишкер Media
ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге сатылышын, алардын сапатын жана коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Демилгени “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу көтөрүп, топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды. Комиссия энергетикалык суусундуктарды жана ден соолукка терс таасир этиши мүмкүн болгон азыктарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдүн

Ишкер Media
DemirBank электромобилдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

DemirBank электромобилдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

Эми жаңы электромобилди сатып алуу дагы да оңой. Жылдык 17% пайыздык чен менен «Жашыл автокредит» алуу мүмкүнчүлүгү бар. "Жашыл автокредиттин" шарттары: * Кредиттин суммасы: 350 000 сомдон 17 500 000 сомго чейин * Кредиттин мөөнөтү: 6 айдан 60 айга чейин * Пайыздык чен: жылдык 17% * Баштапкы төлөм: 30%дан баштап Өзүңүзгө

Ишкер Media
Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо башталды

Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо башталды

Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо сезону башталды. Быйыл Чүй жана Талас облустарынан 650 миң тонна кант кызылчасын жыйноо пландалууда. Бул тууралуу “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” ишканаларынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, салыштыруу -  2025-жылы жазгы жагымсыз аба ырайынан улам 550 миң тонна кызылча жыйналган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч болжол

Ишкер Media