"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады
"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган.
Текшерүүдө 141 900 кг чийки заттын турган жерин тастыктаган документтери жок экени чыккан. Мындан тышкары дагы 162 005 кг чийки зат бажы жол-жобосуна өткөрүлбөй, декларациясыз жана төлөмсүз сатылганы аныкталган.
Бажы органынын эсеби боюнча төлөнбөй калган бажы төлөмү 1 072 150 сомду түзгөн.
Материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 1 072 150 сомдук зыян толугу менен өндүрүлүп, бюджетке төлөндү.