Декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйөт

Декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйөт

2026-жылдын декабрь айынан тарта укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы №299 Жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, 1-декабрдан тарта кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго көбөйүп, укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат үчүн үстөк акылар азайтылат.

Айлык камсыздоо ээлеген кызматына, наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жараша өзгөрөт. Кызматка жаңы кирген, стажы жок кызматкердин айлыгы кеминде 4 миң сомго көбөйөт.

Пенсияга чыгууга жетиштүү стаж топтогондордун айлыгы кызматына жана стажына жараша 10 миң сомдон ашык көбөйөт.

Маянанын өсүшүнө байланыштуу өргүү акысы, бошотуу жөлөкпулдары жана камсыздандыруу төлөмдөрү да көбөйөт.

Күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиясы да 10 миң сомго чейин жогорулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан U23 дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта күч сынашты. 1/8 финалда АКШлык Максвелл Хоппер Блэкти 64 секундада 8:0 эсебинде жеңди.

Ишкер Media
Чүйдө мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 582 миң айып пул салынды

Чүйдө мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 582 миң айып пул салынды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга 582 миң 500 сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти. Облустук милиция кабарлагандай 1-октябрдан 10-октябрга чейин чет элдиктер иштеген 18 ишкана текшерилип, мыйзам бузган чет өлкөлүк 86 жаран аныкталган. Бул иш-чараны

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курал менен жүргөн жаранга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курал менен жүргөн жаранга айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, рейд учурунда Москва районундагы №5 корук участогунда уруксат кагазы жок пневматикалык курал салып жүргөн жаран аныкталды. Унааны текшерүүдө мыйзамсыз олжолонгон кыргоол жана балыктар табылган. Факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чара көрүлүп,

Ишкер Media
Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлү “Торугарт” өткөрүү пунктунда болду

Дүйнөлүк бажы уюмунун өкүлү “Торугарт” өткөрүү пунктунда болду

Кече Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Иэн Сондерс (Ian Saunders) КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы У.А. Кимсанов менен бирге “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пунктунда болду. Бул тууралуу аталаган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш сапардын жүрүшүндө конокторду өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү, инфраструктураны модернизациялоо, бажы жол-жоболорун санариптештирүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу

Ишкер Media