1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле аларды өлкөнүн аймагына алып кирүүгө да тыюу салуу каралган.
Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтууга, ошондой эле пластик калдыктарынын көлөмүн кыскартууга багытталган.
Учурда министрлик пластик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо жана тармактын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү жаатында «Экооператор» ишканасынын ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Министрлик бул этапка өтүү үчүн мамлекеттик органдардын, өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгы белгилейт. Мындан аркы иштерди жүргүзүү жана келип чыккан маселелерди кошумча кароо максатында министрлик ири өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен биргеликте жумушчу топ түзүүнү пландаштырууда.