Азербайжанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме болот

Азербайжанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме болот

Бүгүн, Азербайжандын Баку шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммити өтөт. Ага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров да катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Саммиттин алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүш багытында аймактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров 14-октябрда кечинде Баку шаарына барып, саммиттин катышуучуларынын урматына уюштурулган расмий эмес кечки тамакка катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда мекемеден билдиришти. Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты. "Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен

Ишкер Media
Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

2026-жылдын 15-октябрынан тарта Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы каттам "Биримдик Кут" конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат. Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Жаңы каттам аталган аймактардын тургундары

Ишкер Media
1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле аларды өлкөнүн аймагына алып кирүүгө да тыюу салуу каралган. Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген

Ишкер Media
Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media