Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет
2026-жылдын 15-октябрынан тарта Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы каттам "Биримдик Кут" конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат.
Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Жаңы каттам аталган аймактардын тургундары үчүн транспорттук байланышты жакшыртып, шаар ичинде жүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
