Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды
«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда мекемеден билдиришти.
Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты.
"Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен жеке өзүм тааныштырдым. Конокторго аэропорттун модернизацияланган инфраструктурасын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, Кыргызстандын авиация тармагында ишке ашырылып жаткан масштабдуу өзгөрүүлөр, жетишкендиктер жана алдыдагы өнүгүү пландары тууралуу кеңири маалымат бердик", - деп билдирет Манасбек Самидинов.
Алдыда биздин өлкөнүн делегациясы Прага эл аралык аэропортуна иш сапары менен барат. Бул сапардын алкагында Бишкек - Прага багыты боюнча түз аба каттамын ачууга байланыштуу конкреттүү макулдашууларга жетишүү максатында сүйлөшүүлөрдү улантат.