Акыйкатчыга 2025-жылы 9672 кайрылуу келип түшкөн
Акыйкатчы институтунун сунуштардын аткарылышы 79%га жетти. Адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнүн негизги механизмдеринин бири жарандардын кайрылууларын кароо болуп саналат. 2025-жылы жалпысынан 9672 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңешке сунушталган акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын “Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” 2025-жылдын баяндамасында белгиленген.
Жамиля Жаманбаеванын айтымында, институтка жарандардан түшкөн арыздардын 58 % оңунан, кайрылуучунун пайдасына чечилген.
“Өзгөчө белгилеп кетким келет, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 11 пайызга, ал эми андан мурунку жылдарга салыштырмалуу 3–4 эсеге өстү. 2023-жылга чейин сунуштардын аткарылышы 20 пайыздан ашкан эмес. Мындай натыйжа мамлекеттик органдар менен кызматташтыктын жөнгө салынганынын, ошондой эле президентитин жана Жогорку Кеңештин колдоосунун натыйжасы”, — деди акыйкатчы.
2025-жылы Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 811 мониторинг жүргүзүшкөн. Бул мурунку жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Анын ичинен 328 мониторинг эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жайларында, 90у аскер бөлүктөрүндө, 48и стационардык социалдык тейлөө мекемелеринде, 133ү билим берүү мекемелеринде жана 54ү саламаттык сактоо мекемелеринде өткөрүлгөн.
Жарандардын айрым категорияларынын укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча 15 изилдөө жүргүзүлгөн.
Кайрылуулардын мүнөзү боюнча бийлик органдарына карата даттануулар төмөнкүдөй:
● 36,4 % – сот органдарына;
● 20,9% – укук коргоо органдарына;
● 7,6 % – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
● 2,3 % – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтин органдарына;
● 2,1% – саламаттык сактоо мекемелерине;
● 28,7% – башка бийлик органдарына;
● 2 % - билим берүү жана илим министрлигине.