Ысык-Атада таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын жанындагы таштанды полигонунда чыккан өрт боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, минитстрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы текшерүүдө полигондо эрежелер сакталбаганын аныктап, үч протокол түздү. Анын негизинде Кең-Булуң айыл өкмөтүнө 71 000 сом айып пул салынды.
Өрттү өчүрүү иштери "Мурас" муниципалдык ишканасы жана өрт өчүрүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн.
Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо жана таштанды башкаруу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.