Баткенде 25 миң үй камсыздандырылып, 7,9 млн сом төлөндү
Баткен облусунда камсыздандыруу иштери талкууланды. Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын төрагасынын орун басары Алима Нурланованы кабыл алып, айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү.Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, облус аймагында жалпы 100 миң 454 турак жай катталган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 25 миң 870 үй гана камсыздандыруудан өткөрүлгөн. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле 2026-жылдын январь-сентябрь айларында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" Баткен филиалы тарабынан жалпы 7 млн 908 миң сом кенемте төлөнгөн. Анын ичинен турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктан камсыздандыруу боюнча жабыркаган 45 жаранга 4 млн 583 миң сом, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти камсыздандыруу боюнча 716 миң 369 сом, ОСАГО боюнча 13 жаранга 1 млн 738 миң сом жана авто КАСКО боюнча бир мекемеге 870 миң 470 сом берилген.
Жыйындын соңунда калк арасында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү, кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана турак жайларды камсыздандыруу көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди улантуу чечими кабыл алынды.