Баткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды

Баткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды

Баткен шаарында "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун алкагында жаңы борбор ишке кирди. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун базасында ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор "Бир айыл - бир продукт +1" коомдук бирикмеси менен окуу жайдын кызматташтыгында түзүлгөн. Негизги максаты - жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, окутуу, продукциянын сапатын жакшыртуу жана жергиликтүү товарларды жайылтууга көмөктөшүү.

Жаңы борбор ишкерлер, өндүрүүчүлөр, билим берүү мекемелери, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдардын кызматташуусуна аянтча болот. Ал жерде өндүрүүчүлөр жаңы продукцияны иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуу боюнча практикалык иштерди жүргүзө алат.

Белгилей кетсек, борборго БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан керектүү жабдуулар берилди. Алдыда "Бир айыл - бир продукт" бирикмеси АРИС менен биргеликте аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ачууну пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 67 млн сомдук социалдык шаарча пайдаланууга берилди

Нарында 67 млн сомдук социалдык шаарча пайдаланууга берилди

14-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылында жаңы социалдык шаарчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Баетов айыл аймагынын башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, салтанатка президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э. Чекирбаев, аким М. Камчыбеков, "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун өкүлү Шейх Мухаммад Абдурахман Альшая,

Ишкер Media
Кен казууга лицензия берүү тартиби өзгөрөт

Кен казууга лицензия берүү тартиби өзгөрөт

Бүгүн Жогорку Кеңеш жер казынасын пайдаланууну жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, кен казууга лицензия берүү тартибин өркүндөтүү, электрондук аукциондорду киргизүү жана мамлекеттик экспертизалардын мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов баяндама жасап, өзгөртүүлөр “Жер казынасы жөнүндө”

Ишкер Media
Өлкөдө айлык акы 55 миң 79 сомду түздү

Өлкөдө айлык акы 55 миң 79 сомду түздү

Кыргызстанда январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү. Бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева 15-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.  Анын айтымында, учурда республика боюнча керектөө жана тарифтердин өсүшү 8,1% түздү.

Ишкер Media
Ысык-Атада таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Ысык-Атада таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын жанындагы таштанды полигонунда чыккан өрт боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, минитстрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы текшерүүдө полигондо эрежелер сакталбаганын аныктап, үч протокол түздү. Анын негизинде Кең-Булуң айыл өкмөтүнө 71 000 сом айып

Ишкер Media