Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районунда 5 жылда жалпы 51 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди.

Алардын катарында 7 мектеп, 8 бала бакча, 2 оорукана, 2 фельдшердик-акушердик пункт, 2 спорт залы, 3 административдик имарат, музей комплекси, эки эс алуу паркы, 6 кызматтык үй, 2 көпүрө, 2 маданият үйү жана 11 мини-футбол аянтчасы бар.

Учурда Кара-Үңкүр айылында демөөрчүлөрдүн каражатына бала бакча курулууда. Мындан тышкары, 2026-жылдын аягына чейин дагы бир мектепти жана балдар искусство мектебин пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3

Ишкер Media
Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media