Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, буга чейин Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго эки адам арызын беришкен. Алар: ишкер Аймен Касенов жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков.

Белгилесек, жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил сынагынан эки жолку аракеттен кийин ийгиликтүү өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым категориядагы жарандардын пенсияларын жогорулатуу жана кошумча төлөмдөрдү белгилөө каралууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун бүгүн Социалдык фонд коомдук талкууга алып чыкты. Долбоорго ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: * 12 300 сом — мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлердин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмү; * 5 000 сом — “Баатыр эне” же “Мать-

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Күздүк ным топтоо иштери активдүү жүрүүдө

Күздүк ным топтоо иштери активдүү жүрүүдө

26-октябрга карата республика боюнча сугат суу берүү планы 80% аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, быйыл жаанчыл болгондуктан топурак нымдуу болуп, сууга муктаждык аз болду. Суу булактарынан секундасына 117,74 м³ суу алынып, күздүк себүү жана ным топтоо сугаты жүргүзүлүүдө. Жалпы план 6 271,36 млн

Ишкер Media