Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым категориядагы жарандардын пенсияларын жогорулатуу жана кошумча төлөмдөрдү белгилөө каралууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун бүгүн Социалдык фонд коомдук талкууга алып чыкты.
Долбоорго ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:
- 12 300 сом — мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлердин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмү;
- 5 000 сом — “Баатыр эне” же “Мать-героиня” ордендери менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөм. Бул баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге да тиешелүү;
- 9 500 сомго чейин — I топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучулардын пенсиясын жогорулатуу;
- 5 000 сомго чейин — III топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучулардын пенсиясын жогорулатуу.
Ошондой эле баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүн төмөнкүдөй белгилөө каралууда:
- ата-энесинин биринен айрылган ар бир балага — 5 000 сом;
- ата-энесинин экөөнөн тең айрылган ар бир балага — 8 000 сом.
Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын пенсиясына ай сайын компенсациялык төлөм белгилөө да сунушталууда. Пенсиясы 12 300 сомдон ашкан адамдарга 1 000 сом кошумча төлөнөт. Ал эми пенсиясы бул суммадан аз болгондорго компенсация пенсиясынын өлчөмүнө жараша эсептелет, бирок 1 000 сомдон кем болбойт.
Долбоорго ылайык, Социалдык фонд пенсияларды кайра эсептеп, төлөп берет. Кошумча чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.