Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү.

Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын расмий өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышты.

Форумда жаштардын коомдогу орду, коңшу мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле ийгиликке жетишкен жаштар өз тажрыйбалары жана жетишкендиктери менен бөлүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жаштарынын ортосундагы байланышты бекемдөө, тынчтыкты, ынтымакты жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү.

Белгилей кетсек, форум президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым категориядагы жарандардын пенсияларын жогорулатуу жана кошумча төлөмдөрдү белгилөө каралууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун бүгүн Социалдык фонд коомдук талкууга алып чыкты. Долбоорго ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: * 12 300 сом — мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлердин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмү; * 5 000 сом — “Баатыр эне” же “Мать-

Ишкер Media