Күздүк ным топтоо иштери активдүү жүрүүдө
26-октябрга карата республика боюнча сугат суу берүү планы 80% аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, быйыл жаанчыл болгондуктан топурак нымдуу болуп, сууга муктаждык аз болду.
Суу булактарынан секундасына 117,74 м³ суу алынып, күздүк себүү жана ным топтоо сугаты жүргүзүлүүдө.
Жалпы план 6 271,36 млн м³ болсо, иш жүзүндө 5 052,71 млн м³ суу берилип, 2 905,06 миң гектар жер сугарылды. Анын 136,6 миң гектары күзгү ным топтоо, 62,1 миң гектары күздүк себүү алдындагы сугат.
Облустар боюнча эң көп суу Чүй облусунда - 1 287,84 млн м³ берилди.