Ош шаарында көмүр 6513 сомдон сатылууда

Ош шаарында көмүр 6513 сомдон сатылууда

"Кыргызкөмүр" ААКсынын түштүк филиалы Ош шаарын көмүр менен камсыздоо жана көмүр кампалары менен кызматташуу багытында иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, көмүрдүн баасы 6513 сомду түзөт. Учурда шаардын алты дарегине жалпы 940 тонна көмүр жеткирилген.

Тактап айтканда, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Татар айылына 145 тонна, Меңиш уулу айылына 160 тонна, Туран кичи районундагы Нагорная көчөсүнө 20 тонна көмүр түшүрүлгөн.

Ошондой эле И. Раззаков көчөсү, 15б/3 дарегине 500 тонна, Халмурзаев көчөсү, 20 дарегине 60 тонна жана Кыргызстан айылындагы М. Бегиев көчөсүнө 55 тонна көмүр жеткирилген.

Мындан тышкары, "Кыргызкөмүр" ишканасы шаарда көмүр кампаларын ачууга жана калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоого кызыкдар ишкерлерди кызматташууга чакырат. Кошумча маалыматты 0557 299 999 номери аркылуу алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

2-6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайында жол жабылат

2-6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайында жол жабылат

2–6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалым болгондой, иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жол убактылуу жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде

Ишкер Media
Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү 50,9%га жетти

Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү 50,9%га жетти

2025-жылы Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик субъекттери өндүргөн дүң кошумча нарктын көлөмү 1 трлн 6,7 млрд сомду түздү. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) 50,9%ына барабар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө 27,2 миң чакан жана орто ишкана иштеген. Алардын

Ишкер Media
Жыл башынан бери Баткенде 8304 жумуш орду түзүлдү

Жыл башынан бери Баткенде 8304 жумуш орду түзүлдү

Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында жалпы 8304 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жумуш орундары облуста ачылган ири, орто жана чакан ишканаларда, ошондой эле коомдук жумуштарда түзүлгөн. Мындан тышкары, облусту өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 10 долбоор ишке

Ишкер Media
Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Бүгүн Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Расмий сапардын алкагында эки

Ишкер Media