Жыл башынан бери Баткенде 8304 жумуш орду түзүлдү
Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында жалпы 8304 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жумуш орундары облуста ачылган ири, орто жана чакан ишканаларда, ошондой эле коомдук жумуштарда түзүлгөн.
Мындан тышкары, облусту өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 10 долбоор ишке ашырылууда. 4 өнүктүрүү фонду аркылуу тогуз айда 46 долбоор ишке ашырылып, анын 17си толугу менен аяктаган.
Ошондой эле социалдык келишим программасынын алкагында 23-октябрга карата 1794 жаран менен келишим түзүлгөн. Бул жылдык пландын 83,6 %ын түзөт.