Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди
Бүгүн Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон" билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-казак аймактар аралык кызматташтыгы боюнча экинчи форумга катышат.
Ошондой эле кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынын өткөрүшөт.