Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү 50,9%га жетти

Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү 50,9%га жетти

2025-жылы Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик субъекттери өндүргөн дүң кошумча нарктын көлөмү 1 трлн 6,7 млрд сомду түздү. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) 50,9%ына барабар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө 27,2 миң чакан жана орто ишкана иштеген. Алардын 26 миңи чакан, 1,2 миңи орто ишканалар болгон. Ишканалардын 33,8%ы дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо, 11,9%ы өнөр жай, 11,1%ы курулуш тармагында иштеген.

Ал эми 2026-жылдын 1-январына карата катталган жеке ишкерлердин саны 504,9 миңге жетип, бир жылда 3,4%га өсүп, 2025-жылы чакан жана орто ишканаларда 138,8 миң адам эмгектенгендиги маалымдалды.

Былтыр чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 2021-жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге өсүп, 34 643 сомду түздү. Буга карабастан, анын өлчөмү мурдагыдай эле орточо республикалык деңгээлден (42 493 сом) төмөн бойдон калууда.

Өндүрүш жана соода өстү

Чакан жана орто ишкерлик субъекттери 2025-жылы 201,1 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүшкөн. Алардын өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүндөгү үлүшү 24,5%ды түзгөн. Айрыкча ун, өсүмдүк майы жана эмерек өндүрүшүндө чакан жана орто бизнестин үлүшү өскөн.

Статкомдун маалыматына караганда, 2025-жылы чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин дүң жана чекене соодасынын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 714,9 млрд. сом түздү. Бул 2024-жылга караганда 27,5 пайызга көп.

Республика боюнча сооданын жалпы көлөмүндө чакан жана орто ишкерликтин соода жүгүртүүсүнүн үлүшү 76,6 % түздү. Мында эң чоң үлүш (33,1 пайызы) жеке ишкерлерге туура келди, чакан ишканалардын үлүшү республика боюнча соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 31,9 пайызын, орто ишканалардыкы - 11,6 пайызын түздү.

Ошондой эле 2025-жылы чакан жана орто ишканалар негизги капиталга 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрүшкөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 22,8%га көп. Бирок бул ишканаларга келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 30,5%га кыскарып, 276,5 млн долларды түзгөн. Мында чакан ишканаларга багытталган чет өлкөлүк инвестициялар 42%га азайса, орто ишканаларга келген инвестициялар 6,9%га өскөн.

Ишканалардын финансылык жыйынтыгы

2025-жылдын жыйынтыгында чакан жана орто ишканалардын сальдолоштурулган финансылык натыйжасы 140,8 млрд сомду түзгөн. Бул акыркы 5 жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Ошондой эле чакан жана орто ишканалардын продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жалпы кирешеси 1 трлн 18,1 млрд сомго жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

American Airlines компаниясынын эң тажрыйбалуу борт коштоочусу Кэрол Фэйр 83 жашында пенсияга чыкты. Ал акыркы каттамын 26-октябрда Лондондон АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Шарлотт шаарына аткарган. Аны аэропорттон үй-бүлөсү, достору жана кесиптештери тосуп алышкан. Авиакомпания анын урматына атайын узатуу аземин жана суу салютун уюштурган. Рeople басылмасынын маалыматына ылайык, Фэйр

Ишкер Media
Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында 91,67 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жол курулуш иштерине жалпы 778,3 млн сом жумшалган. Ошондой эле облуста 20 социалдык жана 4 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. Учурда Баткен облустук капиталдык

Ишкер Media
Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Кыргызстанда алдамчылар Улуттук банктын атынан жасалма сертификаттарды таратып, жарандарга жылдык 1% менен кредит сунуштап жатышат. Бул тууралуу   Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шылуундар өздөрүн финансылык консультант катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын атынан даярдалган жасалма сертификаттарды жөнөтүшүүдө. Ушундан улам, Улуттук банк жарандарга түздөн-түз кредит бербей турганын

Ишкер Media
Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселеси каралды

Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселеси каралды

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы кабарлады. Жыйында 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссия

Ишкер Media