Улан Ниязбеков Казакстанда ИИМдин Башкаруу академиясына барды
Ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапардын алкагында Казакстандын ИИМдин Башкаруу академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Министр академиядагы окуу процессинин уюштурулушу, материалдык-техникалык базасы, ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуудагы заманбап ыкмалар менен таанышты.
"Анда заманбап билим берүү технологияларын колдонууга, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүүгө жана ведомстволук билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу