Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-ноябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар объектилердин ачылышына катышты. Алардын арасында металл конструкцияларын чыгаруучу "Металлстрой" заводу жана 1065 батирлүү "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси бар.

"Металлстрой" заводуна 2,5 млн доллар жеке инвестиция жумшалган. Ишканада биринчи жылы 1400 тонна металл конструкциясын өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.

Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев курулуш тармагынын өнүгүшү металл конструкцияларына жана курулуш материалдарына болгон суроо-талапты көбөйтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай ишканалар импортко көз карандылыкты азайтып, өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле МинКаб төрагасы 15 кабаттуу, 12 блоктон турган "Асман Резиденс-7" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Комплекс жалпы 1065 батирди камтыйт. Касымалиев мамлекеттик ипотекалык программа турак жайды жарандар үчүн жеткиликтүү кылуунун негизги механизмдеринин бири экенин айтты.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусундагы дагы 16 объект онлайн форматта ачылды. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорттук жана маданий жайлар бар.

Ошондой эле Манас шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8" жана Сузак районундагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жайларынын ачылышы болду.

Адылбек Касымалиев Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айландыруу максаты коюлганын белгилеп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу шаар үчүн соода, өндүрүш жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Жыл башынан бери абаны булгаган унааларга 8,1 млн сом айып салынды