Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды
Кыргызстанда өз атына насыя жана карыз алууга ыктыярдуу тыюу салуу механизми киргизилгенден бери бир жыл өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта бул кызматтан 304,9 миң жаран пайдаланган. Ал эми 2026-жылдын 1-ноябрына карата 200,1 миң жарандын өзүнө-өзү тыюу салуу статусу активдүү бойдон калууда.
Белгилей кетсек, бул механизм жарандардын макулдугусуз алардын атына насыя алуунун алдын алууга жана финансылык коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Кызмат акысыз жана ыктыярдуу негизде көрсөтүлөт. Аны "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу активдештирүүгө болот. Тыюу салуу дароо күчүнө кирет, ал эми аны алып салуу өтүнүч берилгенден 12 саат өткөндөн кийин ишке ашат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу