Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Бүгүн, 5-ноябрда Манас шаарында Р. Азимов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышты.

Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган.

Объекттин жалпы наркы 426 миллион сомду түздү. Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп үч кабаттан туруп, 500 окуучуга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 6 364 чарчы метр.

Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, предметтик окуу кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт зал бар. Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол аянтчасы курулган.

Имаратты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн күн панелдери да орнотулган. Мектептин курулуш иштеринин сапаты Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлгө алынган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Жыл башынан бери абаны булгаган унааларга 8,1 млн сом айып салынды