Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды
Кадамжай райондук электр тармактары ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата тогуз айга пландалган иштерди толугу менен аткарды. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, даярдыктын алкагында райондо 77 күчтүк трансформатор жана 74 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 451 көмөкчордонго жана 819 чакырым электр чубалгысына техникалык тейлөө жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, 5,5 чакырым жаңы аба чубалгысы тартылып, Кадамжай шаарынын Бегалиев көчөсүнө 250 кВА, Жаңы-Жер айылына 100 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор орнотулду.
Энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү максатында райондо 15 656 акылдуу электр эсептегич орнотулду.
Белгилей кетсек, Кадамжай райондук электр тармактары ишканасы 31 380 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт.
Аткарылган иштер кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүгө жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу