Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Саламаттык сактоо министрлиги Элдик курултайларда көтөрүлгөн тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча министрликтин компетенциясына кирген 250 тапшырманын 101и толук аткарылды, дагы 87си боюнча иштер уланууда.

Жалпы 188 тапшырма аткарылды же аткаруу процессинде, бул тапшырмалардын жалпы санынын 75,2%ын түзөт.

Жетишилген натыйжалардын арасында аймактарда жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү бар.

Маалымдалгандай, курч миокард инфаркты менен жабыркаган бейтаптарды диагностикалоого жана дарылоого мүмкүндүк берген катетеризациялык лабораториялар (КАТЛАБ) ачылды. Ошондой эле облустук жана райондук саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографтар орнотулду.
Быйыл эле 130га жакын унаа жеткирилди. Ал эми 2021–2025-жылдары жалпы 478 тез жардам унаасы сатып алынган.

Медициналык мекемелерди куруу жана модернизациялоо, материалдык-техникалык базасын жаңылоо, адистештирилген медициналык жардамды өнүктүрүү жана аймактарга медициналык кадрларды тартуу боюнча иштер улантылууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)

2027-жылдын бюджетинде кайсы тармактарга канча каражат каралды?