Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү
Кыргызстанда акыркы жылдары билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана туризм тармактарын өнүктүрүүгө багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында социалдык чөйрөдөгү жетишкендиктер боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 2021–2026-жылдары мурда мыйзамсыз менчиктештирилген балдар бакчаларынын 257 имараты мамлекетке кайтарылган. Ошондой эле билим берүү тармагындагы окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнгөн каражат 22 эсеге көбөйгөн.
"Эгерде 2021-жылы мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга 63,5 млн сом бөлүнсө, 2026-жылы бул сумма 1,4 млрд сомго жетип, 22 эсеге өстү. 47 миңден ашык мугалим ноутбуктар менен камсыз болду. Мугалимдердин айлык акысы 100 %га жогорулатылды. Алардын орточо айлык акысы 24 798 сомдон 50 551 сомго чейин өстү", - деди Касымалиев.
Ал эми саламаттык сактоо тармагын каржылоого 2026-жылы 73,1 млрд сом бөлүнгөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе көп.
МинКаб башчысы жогорку технологиялуу медициналык кызматтарды киргизүү боюнча иштерге да токтолду. Анын маалыматына ылайык, 2025–2026-жылдары бөйрөк трансплантациясы боюнча 51 операция жасалган. Учурда 460 млн сомдук "Гамма-бычак" радиохирургиялык тутуму сатып алынууда. Ошондой эле хирургиялык роботту алуу пландалууда.
Мындан тышкары, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө "Бала ырысы" жөлөкпулу киргизилген. Стационардык социалдык мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысы 80 %га, социалдык кызматкерлердики 100 %га жогорулатылган.
Турак жай маселесине токтолгон Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери 23 миң 190 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун билдирди.
"Учурда өлкөдө 75 миң 900 батирге ылайыкталган үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 14 миңден ашык батирди пайдаланууга берүү пландалууда", - деди ал.
Маданият жана спорт тармактарын каржылоо да көбөйгөн. Тактап айтканда, маданиятка бөлүнгөн каражат 2021-жылдагы 2,8 млрд сомдон 2026-жылы 10 млрд сомдон ашкан. Ал эми спорт тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат 953 млн сомдон 3 млрд 755 млн сомго жеткен. Эки тармактын тең кызматкерлеринин айлык акысы 100 %га жогорулатылган.
Туризм тармагында да өсүш байкалганын белгилеген МинКаб башчысы, 2021-жылы бул тармакта түзүлгөн дүң кошулган нарк 25 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 74,4 млрд сомго жеткенин айтты.
"Кыргызстанга келген чет элдик жарандардын саны да өсүүдө. Эгерде 2021-жылы өлкөгө 3,6 млн адам келсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 млн адамга жетти. 2026-жылы 12,5–13 млн адамды түзөт деп күтүлүүдө", — деди Касымалиев.