Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Республиканын аймактарында 2026-жылдын түшүмүн жыйноо жумуштары жыйынтыкталып, күздүк себүү иштери улантылууда.

Айыл чарба министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, республика боюнча 617,7 миң гектар аянт 100% толук оруп-жыйналды. Жалпы дүң түшүм 2 386,0 миң тоннаны түздү.

Анын ичинде:

  • буудай 742,5 миң тонна;
  • арпа 644,6 миң тонна;
  • жүгөрү 896,0 миң тонна;
  • чанактуулар 81,9 миң тонна болду.

Ошол эле учурда картошка жана жашылча-бахча өсүмдүктөрү боюнча жыйноо иштери бардык облустарда 100% аяктады. Анда:

  • Картошкадан 1 080,5 миң тонна;
  • жашылчалардан 967,1 миң тонна;
  • бахча өсүмдүктөрүнөн 245,3 миң тонна дүң түшүм алынды.

Ал эми кант кызылчасы 12,0 миң гектар аянттан жыйналып, дүң түшүм 504,0 миң тоннаны түздү. Ошондой эле 19,2 миң тонна пахта, 17,3 миң тонна май өсүмдүктөрү жана 0,95 миң тонна тамеки толук жыйналды.

Күздүк себүү жумуштары

План боюнча каралган 200,0 миң гектар аянттын 75,45 миң гектарына (37,7%) күздүк эгиндер себилди. Анын ичинде күздүк буудай 71,8 миң гектарга, күздүк арпа 2,9 миң гектарга себилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)

2027-жылдын бюджетинде кайсы тармактарга канча каражат каралды?