Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Мамлекеттик лотерея компаниясына карата пландан тышкаркы текшерүү баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө компаниянын ишмердүүлүгү лотерея тармагындагы мыйзамдардын талаптарына канчалык деңгээлде жооп берери бааланат.
Кызмат текшерүү мыйзамдарда белгиленген ченемдерге жана мамлекеттик көзөмөлдүн тартибине ылайык жүргүзүлөрүн билдирди. Текшерүү аяктап, алынган маалыматтар талдангандан кийин анын жыйынтыгы кызыкдар тараптарга белгиленген тартипте жеткирилмекчи.
Мамлекеттик лотерея компаниясы — Кыргызстандагы мамлекеттик лотереялардын расмий оператору. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ал 2019-жылдан бери лицензиянын негизинде иш алып барат. Анын ишмердүүлүгү лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү менен байланыштуу. Компания билет сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү мамлекеттик социалдык программаларды колдоого жумшаларын белгилейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу