Бишкекте 7 курулуш объектиси текшерилди

Бишкекте 7 курулуш объектиси текшерилди

Бишкекте курулуш объектилериндеги тартипти, санитардык жана коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өтүүдө.

Курулуш министрлиги 23-ноябрда борбордогу 7 курулуш объекти текшерилгенин билдирди.

Алар төмөнкүлөр:

  • Семашко көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги мейманканасы бар 8 кабаттуу муфтият имараты;
  • Жумабек көчөсү 51 - 8–9 кабаттуу көп функционалдуу имарат;
  • Жибек Жолу көчөсү 391 - 7 кабаттуу мейманкана;
  • Жумабек көчөсү 59 - 12 кабаттуу турак үй;
  • Садырбаев көчөсү 423 - окуу борборунун курулушу;
  • Бакаев көчөсү 70 - 12 кабаттуу турак үй;
  • Курчатов көчөсү 36 - коомдук-тиричилик багытындагы объекттери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар 9 кабаттуу көп батирлүү турак үй.

Текшерүүдө Садырбаев, Бакаев жана Курчатов көчөлөрүндөгү үч объектиде унаа дөңгөлөктөрүн тазалоочу пункттардын жоктугу, курулуш калдыктарынын топтолушу, материалдардын талапка ылайык сакталбашы, өрт өчүрүүчү калкандардын жана коопсуздук боюнча маалыматтык стенддердин жоктугу аныкталды.

Ошондой эле Курчатов көчөсүндөгү объектиде коргоочу торлор (ЗУС) орнотулган эмес.

Жыйынтыгында, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, Курчатов көчөсүндөгү объектинин подрядчысы "Аслан Строй" ЖЧКсына айып пул салынды.

Мекеме курулуш компанияларын курулуш аянтчаларында санитардык талапты, тартипти жана коопсуздук талаптарын сактоого чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстандык атчан спортчулар Дүйнө кубогунда 7 байге жеңишти

Дароо алып, акысын бөлүп төлөңүз: BAKAI «Бөлүп төлөө» кызматын ишке киргизди

Өлкөдө 656 чакырымдан ашык ирригациялык канал оңдолду

Чаек айылында 3000 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулууда

Кыргызстандык көзү азиз спортчулар Дүйнө чемпиондугунда 3 байге утушту