Чаек айылында 3000 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулууда

Чаек айылында 3000 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулууда

Жумгал районунун Чаек айылында 3000 тонна айыл чарба продукциясын сактоого ылайыкталган кампа курулуп жатат. Бул тууралуу Чаек айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, долбоор жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн сактоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана продукциянын ысырап болушун азайтууга багытталган.

Жаңы сактоочу жай пайдаланууга берилгенде фермерлер мөмө-жемиштерин узак убакытка чейин сапатын жоготпой сактап, рынокко ыңгайлуу учурда чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат.

Долбоор айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, дыйкандардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстандык көзү азиз спортчулар Дүйнө чемпиондугунда 3 байге утушту

Чүйдө таштандыны мыйзамсыз төккөн ишканага айып салынды

Кыргыз спортчулары Таиланддагы эл аралык турнирде 15 медаль жеңишти

Бишкекте LOTTE HOTEL мейманкана комплекси курулмакчы

Өлкөдө бир жумада 21 624 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды