Кыргызстандык атчан спортчулар Дүйнө кубогунда 7 байге жеңишти

Кыргызстандык атчан спортчулар Дүйнө кубогунда 7 байге жеңишти

Кыргызстандык спортчулар конкур боюнча Евразия лигасынын Дүйнөлүк кубогунун финалдык этабында 7 медаль жеңишти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, турнир 18-22-ноябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн. Эл аралык мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия жана Грузиянын өкүлдөрү катышкан. Өлкө намысын 5 адам коргоп, жалпы 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утушкан.

Биринчи орун ээлери: Луиза Галимова (110 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча), Ринат Галимов (135 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча, чакан Гран-при).

2-орун ээлери: Ринат Галимов (140 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча), Игорь Козубаев (130 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча, джокер менен), Богдан Стрельников (110 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча).

3-орун ээлери: Ринат Галимов (125 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча), Ринат Галимов (130 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча, джокер менен).

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Дароо алып, акысын бөлүп төлөңүз: BAKAI «Бөлүп төлөө» кызматын ишке киргизди

Өлкөдө 656 чакырымдан ашык ирригациялык канал оңдолду

Чаек айылында 3000 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулууда

Кыргызстандык көзү азиз спортчулар Дүйнө чемпиондугунда 3 байге утушту

Чүйдө таштандыны мыйзамсыз төккөн ишканага айып салынды