Өлкөдө 656 чакырымдан ашык ирригациялык канал оңдолду
Кыргызстанда 2026-жылга карата белгиленген ирригациялык объектилерди оңдоо жана тазалоо иштеринин негизги бөлүгү аткарылды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 5 860 гектар сугат жердин мелиоративдик абалы жакшырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 656,7 чакырым чарба аралык канал оңдолуп, механикалык жол менен тазаланды. Ошондой эле 638 гидротехникалык курулма, 317 суу өлчөөчү пост, 113 насостук станция жана 197 насостук агрегат оңдолду. Мындан тышкары, 14 насостук агрегат алмаштырылды.
Коллектордук-дренаждык тармактын 217 чакырымы тазаланып, 297,3 миң чарчы метр бетон каптамасы төшөлдү. Ошондой эле 50 контролдук суу өлчөөчү жабдуу орнотулду.
Белгилей кетсек, 2026-жылга карата 776 чакырым канал тазалоо жана оңдоо, 225 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо, 657,4 миң чарчы метр бетон каптамасын төшөө жана 1 500 суу өлчөөчү жабдуу орнотуу пландалган.
Аткарылып жаткан иштер сугат суусун жеткирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана айыл чарба жерлеринин мелиоративдик абалын сактоого багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу