Саясат
Баалары мамлекеттик жөнгө салууга тийиш болгон товарлардын 24 түрүнүн тизмеси бекитилет
Кечээ, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Баа түзүү жөнүндөгү” жана “Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоорлору биринчи окууда каралды. Жыйында баяндама жасаган Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова белгилегендей, “Баа түзүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору эркин баа түзүүнүн жана бааларды